• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Манас" эпосу өзбек тилинде жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 30.11.19. /Кабар/. Кечээ, 29-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде өзбек тилине которулган "Манас" эпосу китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Китептин бет ачар аземи "Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык саамалыгынын жабылыш аземинин алкагында өткөн.

"Манас" эпосун өзбек тилине өзбекстандык акын-жазуучу Зухриддин Исомиддинов которгон. "Манас эпосу" Бексултан Жакиев кыскартып иштеп чыккан вариант боюнча өзбек тилине которулган. Анын басылып чыгарылышын "Түрксой" эл аралык уюму каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий