• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Каркыра" көзөмөл өткөрмө жайы 1-декабрдан тарта ишин токтотот

Коом 0

Бишкек, 30.11.19 /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра - унаа жолу” (КР) жана “Кеген - унаа жолу” (Казакстан Республикасы) көзөмөл өткөрмө жайлары 1-декабрдан тарта убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, аталган өткөрмө жайлары Казакстан тараптын демилгеси менен аба ырайы жана жол шарттарынын начарлашына байланыштуу, өзгөчө кырдаалдар болбошу үчүн убактылуу токтотулууда.

Белгилей кетсек, былтыр аталган өткөрмө жайлары 31-октябрда жабылып, быйыл 1-майда ишин баштаган. “Каркыра - унаа жолу” көзөмөл өткөрмө жайы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий