• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары МСКнын коллегиялык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө салык кызматынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылы алдыга коюлган милдеттери тууралуу маалымат берилди.

Белгиленгендей, 2021-жылы Салык кызматы мамлекеттик бюджетти 105 млрд 714 млн сомго толуктаган. Бекитилген план 109,2 %га же 8 млрд 945,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу 26,7 млрд сомго көп жыйналган.

Өз кезегинде Арзыбек Кожошев белгилегендей, өткөн жылы бюджет толук көлөмдө аткарылган.

«Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган. Бул тапшырма аткарылып, консолидацияланган бюджеттин иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген пландан 30 млрд сомго көп аткарылган. Албетте, мында сиздердин салымыңыздар бар»,- деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, Министрлер Кабинетинин алдында олуттуу милдеттер турат.

«Экономикалык өсүш темпин 6,5% деңгээлинде камсыз кылуу жана консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчүн 400 млрд сомго чейин жеткирүү –2022-жылы ушул жана башка көптөгөн милдеттерди аткаруубуз керек», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жаңы Салык кодекси, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Жыйын соңунда Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын энчилүү сааты менен сыйлоо аземи өттү.

Пикир

Оставить комментарий