• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги айрым мектептердин окуучулары эвакуацияланды. Жардыруучу зат изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бишкекте айрым мектептердин окуучулары эвакуацияланды, деп билдирет шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 18-апрелде 102 кызматына борбордогу №67, 90, 63, 51 жана бир катар башка мектептердин электрондук дарегине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жеринде шаардык милиция кызматкерлери иш алып барууда, билим берүү мекемелеринин аймагы курчалып, адамдар эвакуацияланды.

Жагдайга жараша милиция кошумча маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий