• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Таласта сейил бак курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Талас шаарында сейил бак курууда мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгиленгендей, 2022-жылы Талас шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы “Байбарс-Курулуш” ЖЧКсы менен шаардык сейил багын куруу боюнча жалпы суммасы 4 млн 880 миң сомго келишим түзгөнү аныкталган. Ошол эле учурда атайын адистерди тартуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин наркын ашыкча баалоо фактылары аныкталып, анын натыйжасында мамлекетке 2 млн 100 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, шаардык сейил багын курууга долбоордук-сметалык документтер такыр иштелип чыкпаганы, бул мыйзамсыз курулуштарды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну көрсөттү.

Учурда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан иштин чыныгы жагдайларын жана кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий