• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Татарстанда 23 жаштагы кыргыз баланы өлтүрүп кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.2017 /Кабар/. Татарстандын полиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын 23 жаштагы жаранын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин расмий интернет баракчасында жазылат.

Билдирүүгө ылайык, каза болгон баланын жакын туугандарына болгон окуя тууралуу маалымат жеткирилген.

Учурда “жүк 200” Кыргызстанга жөнөтүш үчүн керектүү документтер даярдалууда.

Эске сала кетсек, Казань шаарында белгисиз адамдар 23 жаштагы кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен.

Канга боёлгон жансыз денени ары-бери өткөн жолоочулар байкап калышып, милицияга кабар беришкен. Ыкчам-иликтөө кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерден сынык бөтөлкөнү таап чыгышкан. Маалымдалгандай, жансыз дене бадалдардын арасында 15 саат жаткан.

Аталган факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий