• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Якутияда кыргыздардын соода күркөлөрүнө тийген жаш балдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Якутск шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандыктар соода жүргүзгөн күркөлөрүн бузуп, коркуткан жаш балдарды кармашты. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин "Якутск" муниципалитеттер аралык башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

"Жаш балдар кыргыз улутундагы адамдар соода жүргүзгөн күркөлөргө кирип, ишин токтотушкан. Мындай факттар Якутскта катталган. Учурда андай балдар полиция тарабынан кармалды", - деп билдирет аталган башкармалыктын башчысы Николай Кульбертинов.

Ал Якутск шаарынын тургундарын мигранттарга карата мыйзамга туура келбеген аракеттерден алыс болууга чакырып, андай аракеттерге административдик дагы, кылмыш жоопкерчилиги да бар экенин эскертти.

Мурда айтылгандай, 17-март күнү кыргызстандык Якутскта жергиликтүү тургунду уурдап кетип, зордуктаган. Ал кылмышка шектелген адам кармалып, камакка алынган. Россиянын Кылмыш кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү жана 126-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши ачылган.

Бул окуя коомдук резонанс жаратып, жергиликтүү эл мигранттарга каршы митинг өткөргөн.

Якутиянын башчысы улуттар аралык чырды чыгарбаганга чакырып, республикада мыйзамсыз миграция жана ишкерчилик менен күрөштү күчөтөрүн убада кылган. Якутиянын ИИМинин башчысы Владимир Прокопенко мигранттар иштеген тармактарды кошумча текшерүү жүргүзүү боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий