• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык кармагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. КРнын Мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда Орто-Токой суу сактагычында балык кармаганга уруксат кагаздары жок 3 балыкчы кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, балыкчылар тор менен “Сига” балыгын мыйзамсыз кармап келишкен. Жеринде протокол түзүлүп, материалдык зыян 36 миң 360 сомду түздү. Мыйзамсыз балыкчылардын кайыктары мамлекеттин пайдасына алынды.

“Көлдөрдөгү балыктын саны азайып жатканына байланыштуу тор колдонуп, уруксатсыз балык кармоого тыюу салынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий