• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине ипотекалык турак жай берилет

Аймак 0

Ош, 03.08.18. /Кабар/. Күн сайын шаар көчөлөрүн тазалаган ”Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине ипотекалык турак жай берилет. Бул тууралуу кечээ, 2-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча отурумда билдирди.

“Мен шаардын аймактык кеңештеринин төрагалары менен жолуктум. Жолугушууда мен алардын өз аймактарындагы тазалыкка жана иреттүүлүккө өзгөчө көңүл бурууларын сурандым. Шаар тазалыктан башталат. Биз ар бирибиз өзүбүздүн үйүбүздүн алдында тазалыкты сакташыбыз керек. Ушундай жол менен гана бардык максаттарыбызга жете алабыз. Саат таңкы 3-4төн баштап шаар көчөлөрүн тазалаган кызматкерлерди урматтайм. “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин эмгек ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу үчүн аларга ипотекалык турак жай бөлүп берүүнү пландап жатабыз”, - деди мэр.

Ишкананын жетекчиси Талант Капаровдун айтымында, биринчи жарым жылдыкта Оштон 222 миң 948 кубометр таштанды чыгарылган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миң 130 м3ге көбүрөөк. 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгында таштанды чыгаруудан 53 миллион сом жыйналган. Андан сырткары жыл башынан бери Ош шаарында эски таштанды челектеринин ордуна 40 жаңы контейнер орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий