• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарында коронавирустан 108 жаран айыкты, учурда үч бейтап дарыланууда – Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында коронавирустан 108 жаран айыкты, учурда үч гана бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында жалпы 113 адам коронавирус жуктурган.

"113 жарандын 108и айыгып чыкты. Учурда 3 бейтап ооруканада дарыланып жатат. 2 жаран коронавирустун кесепетинен каза болгон. 4 миңге жакын жаран 28 күндүк үй карантинде болду. 8 миң 333 үй-бүлөдөн 23 миң 281 адам текшерүүдөн өттү", - деди ал.

Сарыбашов билдиргендей, Ош шаарында 20 обсерватор даярдалып, анда 2 миң 226 орундук каралган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016ны түзөт. Илдеттен 688 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий