• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Панфилов районунун тарыхий-маданий мурастарынын картасын түзүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Чүй облусундагы Панфилов районунун тарыхий-маданий мурастарынын картасын түзүү боюнча тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, конкурс Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Тарыхий жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясы тарабынан жарыяланган.

Тендердин сметалык баасы 8 млн 266 миң сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 5-апрелге чейин тапшыруу зарыл.

Ишти аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын 11-ноябрына чейин.

Пикир

Оставить комментарий