• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда Toyota Land Cruise үлгүсүндөгү унаадан үч жүргүнчү башын чыгарып, автоээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тараган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы айдоочуну издеп таап, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочусуна 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.

Пикир

Оставить комментарий