• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда коронавирус илдети менен күрөшүүдө салым кошкон ыктыярчылар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 5-декабрь - Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата пандемия учурунда коронавирус илдети менен күрөшүүдө салым кошкон ыктыярчылар сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыктыярчыларды шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев кабыл алды.

Ыктыярчылар, коомдук уюмдар, кайрымдуулук фонддор, тамактануучу жайлар, уюлдук операторлор катаал учурда стационарларга, блокпостторго, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берген. Тамак-аш, дары-дармек, дем алдыруучу аппараттар жагынан колдоо көрсөтүп, тиешелүү тармактардын түйшүгүн жеңилдетүүгө салым кошкон.

Аларга калаа башчы жана төрага тарабынан Ардак грамота жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий