• 88.68
  • 95
  • 0.95

Пакистанднын Лахор шаарында Кыргыстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Улан Тотуяев К.Ю.Мехерди Кыргызстандын Лахор шаарындагы ардактуу консулу кызматына расмий дайындалышы жана кеңсенин ачылышы менен куттуктады.

Ал К.Ю.Мехерге ардактуу консул катары тиешелүү функцияларды аткарууга ыйгарым укук берген Пакистандын ТИМи тарабынан берилген экзекватураны салтанаттуу түрдө тапшырды.

Элчи Тотуяев өз сөзүндө Ардактуу консулдуктун ачылышы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү иш-чара экенин, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң салым кошоорун белгиледи.

Өз кезегинде ардактуу консул көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, КР жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана экономикалык кызматташтыкты, инвестицияны кеңейтүү, туризмди жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий