• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4, Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз +6...+11 градуска жетет.

Бишкек шаарында бүгүн, 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7 градус, күндүз 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий