• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Казакстандын чек арасы ачылганга чейин КР жарандары Оренбургдагы лагерге жайгаштырылат

Коом 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Казакстандын чек арасы ачылганга чейин Россиянын Соль-Илецк шаарында калган Кыргызстандын жарандары Оренбургдагы лагерге жайгаштырылат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин маалыматына ылайык, Россия Федерациясынын Оренбург облусунун администрациясы бул аймакта өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактоо негизинде, КР жарандарын Казакстан Республикасынын чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусунун Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды.

Оренбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти. Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын Кыргызстандын жарандары бар.

"Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Оренбург шаарындагы Ардактуу консулу жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып барууда. Ошол эле учурда, КР жарандарынын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышкандыгын белгилейбиз. Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараныбыз казак тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык байкоого алынышкан. КР ТИМ жарандардын Соль-Илецк шаарынан алынып келиши РФ аймагындагы башка жарандардын россия-казакстан мамлекеттик чекарасы тарапка баруусуна түрткү болбошу керектигин буга чейин да маалымдаган", - деп КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий