• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү түшүрүү иштери күн мурун төмөнкү тилкелерде жүргүзүлдү:

- 198- чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) 1260 куб метр кар көчкү түшүп, анын 663 куб метри жолго жетип, тазаланган;
- ⁠133-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;
- ⁠135-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси)да кар көчкү түшкөн эмес;
- ⁠129-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) көчкү түшкөн эмес;
- ⁠121-чакырымында (Төө-Ашуу тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;

Кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иштери аяктаганына байланыштуу ӨКМдин ыкчам тобу менен Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби туруктуу ордуларына кайтышты.

Эскерте кетсек, кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иштери Чүй облусунун аймагында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий