• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2027-жылга туура келет, сумма 400 миллион долларды түзөт – Касымалиев

Экономика 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2027-жылга туура келет, сумма 400 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга бюджетке мамлекеттик карызды төлөө үчүн 13,81 миллиард сом салынган, бул 190 миллион долларга барабар.

“Карызды төлөөнүн жогорку чеги 2023-2031-жылдарга туура келет. Эң жогорку чеги 2027-жылы болот, төлөмдүн суммасы 400 миллион долларды түзөт. Андан кийин сумма төмөндөйт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий