• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дарыгер Бишкекте коронавирус 1-2 жумадан кийин басаңдай тургандыгын айтты

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы бир күндө коронавирус 1 миң 490 адамдан табылып, мүмкүн, борбор калаада илдеттин көрсөткүчү жогорку чекке жеткенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте ооруган жарандардын көбөйүшү ПЧР анализин массалык түрдө тапшыруу менен байланыштуу.

“Былтыр ПЧР анализин мамлекеттик лабораториялар гана жасашкан, менчиктер август айында гана жасай баштаган. Азыр бардык жарандар анализдерин мамлекеттик жана жеке лабораторияларда да тапшыра башташты. Учурда 1,4 миң адам амбулатордук түрдө дарыланууда. Ооругандардын 90%ында оору жеңил түрдө өтүүдө”, - дейт ал.

Кундашев ошондой эле борбор калаада оору жогорку чекке жеткендигин айтат.

“Жакынкы 1-2 жуманын ичинде оору басаңдайт. Бизнес чөйрөдөгү жарандар биздин көрсөтмөлөрдү аткарышы керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий