• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ыш маселеси: Бишкекте көмүр менен иштеген 22 от казан газга которулат

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги көмүр менен иштеген 22 от казандын баары газга которулат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте үйлөрдү жылыткан 47 от казан бар.

“Анын 22си көмүр менен иштейт. Жылына үч-төрттөн от казанды газга которобуз деген программа бар экен. Бирок биз аны үч-төрт жылга созбошубуз керек. 2023-жылы 22 от казанды газга которобуз. От казандарды Түркиядан алып келдик. Быйылкы жылытуу маалы бүтөрү менен жумуштарды баштайбыз”, - дейт мэр.

Абдыкадыров кийинки күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын аймагына Кара-Кеченин көмүрүн ташууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатканын белгиледи.

“Мындан сырткары, 47 конушубуздун 22сине газ кирген эмес. 2023-жылы беш конушту газга туташтыралы деп жатабыз. Калганы кийинки жылдары ишке ашат”, - деп айтат мэр.

Пикир

Оставить комментарий