• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

26-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-26-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде күндүз жана 26-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 26-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-25-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, 25-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде күндүз жана 26-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-25-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-26-апрелдерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

22-26-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 26-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-апрелде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдым ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-25-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий