• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Ч.Айтматовго эстелик тургузулат

Коом 0

Бишкек, 21.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Москвада кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузулат. Тиешелүү чечимди Москва шаардык думасы кабыл алганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Москва шаардык думасынын токтомунун негизинде Москва өкмөтүнүн ордери чыгарылып, эстеликти тургузуу иштерин жүргүзүүгө негиз болот.

Маалымдалгандай, Айтматовдун эстелиги Москва районундагы анын атындагы бакта коюлмакчы. Бактын аянты эки гектардан ашык.

Жазуучунун эстелигин тургузуу иштери 2018-жылы Эл жазуучусунун 90 жылдыгын белгилөө иш чараларынын алкагында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий