• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда күнөсканалардын саны 1,3 миңге жетти

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-январына карата республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1300 даананы түздү, ал эми ээлеген аянты 173,6 га жерге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Облустар боюнча алып караганда:

- Чүй облусу боюнча 97 даана 68,8 га жерге,

- Ысык-Көл облусу боюнча 50 даана 2,4 га жерге,

- Нарын облусу боюнча 34 даана 13,9 га жерге,

- Талас 10 даана 1 га жерге,

- Ош облусу боюнча 346 даана 49 га жерге,

- Баткен облусу боюнча 161 даана 4,9 га жерге,

- Жалал-Абад облусу боюнча 602 даана 33,6 га жерге жетти.

"Республиканын айыл чарбасында жаңы прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү максатында күнөсканалардын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору аркылуу 2016-жылдан бери жеңилдетилген насыя берилип келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий