• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмокто 19 жыл мурун дайынсыз жоголгон Шерзат Турдиевди издөө уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Токмок шаарында 19 жыл мурун дайынсыз жоголгон Шерзат Турдиевди издөө уланууда. Бул тууралуу Чүй облустук ишки иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.З. аттуу аял киши милицияга кайрылып, 2004-жылдын 11-мартында 1974-жылы туулган Шерзат Турдиев аттуу агасы Токмок шаарынын Дунларов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Белгилери: бою 175-180 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө, кой көз. Сезонго жараша кийинген.

Өзгөчө белгилери: алдыдагы үстүңкү үч тиши сары металдан коюлган, далысында калы жана сол колунда операциядан кийинки тагы бар.

Шерзат Турдиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0312 607-363, 03138 6-31-02, 0707 419-141, 0999 777-902 номерлерине кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий