• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Central Asia Games Show аталышындагы көргөзмө өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Асанбай" борборунда Central Asia Games Show (CAGS) аталышындагы оюн-зоок көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөгө келгендер үчүн атайын кызыктуу чоң программа даярдалган. Атап айтканда, World of Tanks оюнунун финалы, YouTube аянтчасынын жылдыздары менен жолугушуу, ар түрдүү конкурстар жана оюн-зооктор. Андан тышкары, оюн-зоок индустриясында акыркы жетишкендиктер менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

CAGS'20 көргөзмөсүнүн алкагында оюн-зоок индустриясынын, IT-билим берүү, электрондук коммерция жана киберкоопсуздук адистеринин Эл аралык конференциясы өтүүдө. Ошондой эле AMD, Gigabyte Technology жана HyperX жаңы продуктуларынын бет ачаары өтүүдө.

Аталган көргөзмөгө Россия, АКШ, Украина, Европа, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын ишкерлери, изилдөөчүлөрү жана атайын коноктору келишет.

Пикир

Оставить комментарий