• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКККББ: Кечкисин өспүрүмдөр жүргөн унаалар текшерилип, көзөмөл күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда кечкисин өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара 21-23-июнь аралыгында өлкө аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана аттестаттарды тапшыруу аземине байланыштуу көрүлүүдө.

Муну менен катар бүтүрүүчүлөр окууну бүткөндүктөрүн майрамдашып, жаратылыш эс алуучу жайларга, кечкисин кафе-ресторандарга жана түнкү клубдарга баруусу менен коомдук коопсуздукка каршы иштерди жасоо коркунучу бар.

"Мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында, ЖКККББ кызматкерлери бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө менен унааларга болгон көзөмөлдү күчөтөт. Айрыкча кечкисин жаш өспүрүмдөр жүргөн унаалардын баарын текшерилип, профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий