• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Мыйзамсыз иштерге жол бербөө. Бишкектеги мектептерде атайын кайгуулдар уюштурулууда

Коом 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштуруп жатышат.

Башкармалыктын кызматкерлери бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерге бөлүнүп, жол коопсуздугун камсыз кылууда.

Ошондой эле кызматкерлер мектептеги иш-чарага катышып, окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

"Бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдап, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкарып мыйзамсыз иштерге катышып калбоосун эскертишүүдө", – айтылат маалыматта.

Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарына жана мыйзам бузууларга кабылуусун алдын алууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий