• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашуунун алкагында маалыматтарды алмашуу жүргүзүлөт, атап айтканда төмөнкүлөр жөнүндө:

– Макулдашуунун Тараптарынын жарандыгы бар экендиги (жоктугу);

– Тараптардын аймагында туруктуу болууга (жашоого) укук берүүчү документтердин бар экендиги;

– Тараптардын жарандарынын, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган жери (турган жери) боюнча миграциялык каттоого коюу же каттоо;

– Макулдашуунун Тараптарынын аймагына кирүүгө укук берүүчү визаларды берүү;

– Тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектинин атына катталган кыймылсыз мүлк;

– Тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектинде болгон мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер;

– Тараптардын аймактарында жеке маалыматтар субъектин кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тартуу;

– ким экендигин ырастоочу документтер.

Макулдашуу 17-берененин 1-пунктуна ылайык ага кол койгон Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө үчүнчү билдирүүнү депозитарий алган датадан тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Макулдашууга Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан кол коюлган.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр Казакстан Республикасынан жана Россия Федерациясынан келип түшкөн.

Мында, Макулдашуу кыргыз тараптан аталган жол-жоболор аяктагандан кийин гана күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий