• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова баштаган тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрү катышып, бала бакчалардагы балдардын коопсуздугу боюнча санитардык талаптардын сакталышын жана өрт коопсуздугунун камсыздалышынтекшеришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар бала бакчалардын жетекчилерине кемчиликтерин жоюу боюнча тапшырмалар, сунуштар берилди.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык, 14 жеке менчик бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий