• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчы ооруканасына 5 млн долларлык компьютердик томография орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балыкчы Жалпы дарыгерлик практика борборундагы компьютердик томография борборунун иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, компютердик томографиянын толук кандуу ишке киргенине 3 күн болуп, бул аралыкта алты бейтап диагностикадан өткөн.

"Компьютердик томография борбору "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу" "мамлекеттик-жеке өнөктөштүк" долбоорунун алкагында жеке өнөктөш тарабынан орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 млн долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылда ишке ашырылат.

Балыкчы шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары, анын ичинде Чүй жана Нарын облустарынын тургундары компьютердик томография борборунун кызматы менен пайдалана алышат. Буга чейин Балыкчы шаарында компьютердик томография жок болгондуктан, бейтаптар Бишкекке же Караколго барууга аргасыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий