• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде облустун түзүлгөн күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда "Апаз Жайнаков" атындагы музыкалык драма театрында Баткен облусунун түзүлгөн күнүнө арналган иш-чара өттү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облус калкын куттуктады.

“Байманалуу Баткенибиздин баркын убакыт өткөн сайын сезип, туюп турабыз. Кыргызстандын тынчтыгы, өнүгүүсү үчүн, аймактын коопсуздугу канчалык маанилүү экенин болуп өткөн окуялар далилдеди. Өлкөнүн эң алыскы, стратегиялык маанилүү аймагынын чек арасын бекемдөө, ар тараптуу өнүктүрүү, учурда мамлекеттин негизги приоритеттүү багыты болуп калды. “Кыргызстан Баткенден башталат” деген өлкө башчыбыз, ар дайым Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылууга, инфраструктурасын жакшыртуу менен ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик колдоолор активдүү уланаарын белгилеп келет. Бийлик менен элдин эриш-аркак аракети, ынтымагы жана биримдиги менен бардык тилек максаттар орундалат деп ишенебиз. Облусубуздун түзүлгөн күнү кут болсун. Жергебизде тынчтык, элибизде аманчылык болсун. Баткендин келечеги кең, асманы ачык болсун”, - деди өз сөзүндө Алимбаев.

Майрамдык иш-чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, Баткен облусу 1999-жылдын 13-октябрында ошол кездеги КР президентинин №13 жарлыгы менен түзүлгөн.

Облус Өзбекстан жана Тажикстан республикалары менен чектеш жайгашкан. Учурда калкынын саны 558 652 адам.

Пикир

Оставить комментарий