• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Камбар-Ата-2" ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдыктар уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. "Электр станциялары" ААК 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин токтоосуз аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Камбар-Ата-2" ГЭСинде бир катар жумуштар аткарылды. Алардын катарында төмөндөгү оңдоо иштери аяктады:

- 3 электр кыймылдаткычтарынын ( 37кВт, 65кВт, 110 кВт) капиталдык оңдоо иштери аягына чыкты;

- автотранспорттук бөлүмүнүн 4 унаасын оңдоо иштери бүткөрүлдү. Ал ГЭСтин - 85 км аралыкка кызматкерлерди ташууда, унаалар менен болгон жумуштарды үзгүлтүксүз аткарууда, алардын иштөө ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалды;

- айланыштары бар шиналар системасы (1-СШ-110) техникалык тейлөөдөн өтүп, ишке киргизилди;

Ал эми учурда жылдык график боюнча төмөндөгү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө:

- станок залынын чатырынын жарык өткөрүүчү бөлүгүн ондоо иштери өткөрүлүүдө;

- 2023-жылдын 16-октябрынан ГЭСтин курулуш жана эксплуатациялоочу суу каналынын, суу кабыл алуучу курулманын тосмо дубалын ондоо пландалууда;

- 1-ноябрдан тарта "Б" башкы клапанын (темирин) дат басуудан сактоо үчүн сырдоо менен капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда Гидроагрегат ГА-1де техникалык тейлөө, оңдоп-түзөө иштери болуп жатат. Анын натыйжасында ГЭСтин күз-кыш мезгилинде зарыл болгон ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ал ортодо суу сактагычты тазалоо иштери жүргүлүүдө. Алсак, бул иштер күз-кыш мегилинде сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, жылдык план боюнча ГЭСтеги оңдоп-түзөө иштери бул жылдын ноябрь айына барып бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий