• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ысык-Көл» аэропорту быйылкы туристтик мезгилинин ачылышында Алматыдан биринчи каттамды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Тамчы багыты боюнча 71 жүргүнчүсү менен «Ысык-Көл» аэропортуна конду. Ошондой эле Тамчы-Алматы багыты боюнча кайрадан 30 жүргүнчү учуп кетти.

Каттам жумасына 2 жолу аткарылат - жума жана дүйшөмбү күндөрү.

Пикир

Оставить комментарий