• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 9-майында, Нарын облусунун аймагында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленүүдө.

Иш-чара алгач Нарын шаарынын МДС аймагындагы скверде «Өчпөс отко» гүл чамбарларын коюп, андан соң борбордук көчө аркылуу «Тянь-Шань» паркына чейин «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүш менен башталды. Салтанат аталган парктагы Улуу Жеңишке арналган эстеликтин жанында уланды.

Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алмаз Акматов, Искендер Гаипкулов, КР финансы министри Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, облус, шаар жетекчилиги, согуш ардагерлери, ооруктун катышуучулары, шаар тургундары катышты.

Митинг-реквиемди Э.Алымкулов ачып, эскерүү минутасын жарыялады. Андан соң Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон жоокерлерге жана көзү өткөн ардагерлерге багышталып куран окулду. Шаар башчы куттуктоо кезегин ЖК депуттарына, финансы министрине, ыйгарым укуктуу өкүлгө жана УАМС ветераны Тукеш Токтомушевге, ооруктун ардагери Жанабил Абдырахмановго берди.

Облус башчы А.Кайыпов сөз кезегинде Улуу Жеңиш майрамы менен теңиртоолуктарды куттуктады. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхтагы ордун жана маанисин белгилеп, тынчтык жашоону алып келүү үчүн Советтик армиянын курамында салгылашып, мекенин коргоодо ак кызмат өтөгөн ардагерлерге ыраазычылык билдирди.

«9-май – Улуу Жеңиш күнү - адамзат тарыхындагы маанилүү даталардын бири. Жоокер мүнөз азаматтарыбыз жоого аттанып, фашисттердин мизин кайтарууда каармандыктарын көрсөтүштү. Тилекке каршы, кичи мекенине кайтуу бактысы 7 миңдей гана уул-кыздарыбызга буйруптур... Кандуу салгылаштардатайманбай жоого бет алып, эрктүү кадамдары менен бүгүнкү жеңишти алып келди. Келечек муун башты ийип таазим кылабыз. Эр жүрөк мекендештерибиздин салымы менен биз бүгүн көз карандысыз, эгемендүү Кыргызстанда эркин жашап жатабыз.»-деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду. Ага катар салтка айлангандай ардагерлерге талаа чатырларында «аскер кашасы» берилди.

Учурда салтанаттуу иш-чаралар ар бир район борборлорунда өткөрүлүүдө. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына карата улуттук оюндар облустук деңгээлде Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылынын ат майданында өткөрүлүп жатат. Анда тай чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, аламан байге боюнча мелдеш өтүүдө.

УАМ согуш күнүнө карата Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 163 миң сом бөлүндү.

Эске салсак, Совет бийлиги тарабынан душман баскынчылыгына каршы туруу үчүн Нарын жергесинен 18 миң 881 адам чакырылган. Анын ичинен согуш талааларында курман болуп, же дайынсыз жоголгондордун саны 11 миң 547 адамды түзсө, 7 миң 334 адам кайтып келген. Ал эми Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн «Советтер Союзунун Баатыры» наамы Нарын облусунан Дайыр Асанов жана Анвар Чортековго ыйгарылган. Бүгүнкү күндө облус боюнча 18 согуш ардагери, 59 оорук эмгекчилери, ошондой эле 78 согуш ардагерлеринин жесирлери бар.

Пикир

Оставить комментарий