• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда соттолгондорго мунапыс жарыялоо сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу “КР Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, өзүнүн саясий-укуктук мааниси боюнча мунапыс ырайымдуулук актысы, гуманизмди көрсөтүү - мыйзамдын чегинен чыккан жарандарына карата мамлекеттин айкѳлдүгүнүн кѳрүнүшү болуп саналат.

Мыйзам долбоору эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазык жазасынан бошотууну жана адамдардын белгилүү бир категориясын эркиндигинен бошотуу түрүндѳгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартууну карайт.

Мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазык жазадан бошотуу сунушталат:

  • 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;
  • жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;
  • анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды;
  • жалгыз бой эне болуп саналган аялдар;
  • көп балалуу аялдар;
  • ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди.

Ошону менен бирге мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген адамдарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда:

  1. анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондорго - жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/2ге;
  2. оор кылмыш үчүн соттолгондорго – жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/3ге;
  3. ѳзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун – жазанын ѳтѳлбѳгѳн мѳѳнѳтүн 1/4кѳ.

Мыйзам долбоору менен аларга карата мыйзамдын ченемдери колдонулбаган адамдарын категориясы каралган.

Мунапыс жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынган учурда соттолгондордун бѳлүгү бошотууга жатат, анын натыйжасында соттолгондорду кармоого багытталган бюджеттик каражаттардын үнѳмдѳлүшү жүрѳт.

Пикир

Оставить комментарий