• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош драма театрынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоорго ылайык, көчөлөрдү жарыктандыруу системаларын, ирригациялык тармактарды, фонтанды жаңылоо, брусчаткаларды төшөө, отургучтарды орнотуу боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, долбоор Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган беш долбоордун алкагында ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий