• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Мекемелердин санитардык абалына көзөмөл болот

Аймак 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында экинчи этаптын негизинде дагы бир катар тармактардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул жагдай жарандардын байланышын күчөтүп, оорунун алдын алуу аракеттерин көрүүнү талап кылат.

Жалал-Абад мэриясынан кабарлашкандай, шаар башчысы ишин жанданткан тараптардагы санитардык абалдын текшерилишин тапшырды. Ага ылайык, бүгүн тийиштүү тармактар рейдди калаадагы соода маркеттеринен башташты.

Талапка ылайык, соода маркеттердин кызматкерлери беткап, колкап менен жүрүшү керек. Ал эми келген кардарларга антисептикалык каражаттар чачылып, алардын аралыкты сактоосу көзөмөлдөнүүгө тийиш.

Бирок, рейд учурунда айрым дүкөндөрдө мындай санитардык нормалар сакталбаганы белгилүү болду. Аларга жеринде эскертүү берилип, кемчиликтерди жоюу тапшырылды. Эгер катачылыктар жоюлбаса мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Алдыда бул багыттагы рейд уруксат берилген бардык ишканаларда күн сайын жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий