• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык тасма Түркиядагы "Пандемия учурундагы жашоо" сынагында экинчи орун алды

Маданият 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргызстандык "Дубал" кыска метраждуу тасмасы Түркиядагы "Пандемия учурундагы жашоо" сынагында экинчи орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Тасманы жаш режиссер Асел Шамилова тартып, башкы ролдо ойногон. Анын жолдошу Асан Жанталиев тасманын оператору болгон.

Тасманы тартууда режиссерлорго кээ бир талаптар коюлган: режиссер карантин мезгилинде жашаган шарттарда бардык карантиндик эрежелерди сактоо менен, сырттан кошумча адамдарды чакырбай тасма тартышы керек; Тасманын узактыгы 2 мүнөттөн ашпашы зарыл.

Фестиваль онлайн өткөрүлгөн.

Тасманын түркчө аталышы – "Жалгыз эмессиң".

Пикир

Оставить комментарий