• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Ата районунда Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 1-апрелде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, ак таңдай төкмө, улуу устат Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдык мааракеси өзү туулган Ысык-Ата районунун Туз айылында белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Эл акыны Амантай Кутманалиев баштаган Шекербек Адылов, Максат Кулуев , Азамат Болгонбаев жана Асылбек Маратовдор, ошондой эле Кыргыз Улуттук "Манас" театрынын, республикалык "Айтыш" коомдук фонду жана бир катар өнөр адамдары катышты.

Пикир

Оставить комментарий