• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Театр корифейи, залкар талант Сыдыкбек Жамановдун 110 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Театр корифейи, залкар талант Сыдыкбек Жамановдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кабарлашты.

Иш-чара эртең 7-июнда залкар талант өмүрүн арнаган Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Башталышы саат 18:00дө, каалоочулар үчүн кирүү акысыз.


Сыдыкбек Жаманов 1913-жылы туулган. Эмгек жолун 1936-жылы Фрунзеде балдар театрында иштөө менен баштаган.

1941-жылдан тартып өмүрүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. "Өнөр өргө жетелейт" деген мемуардык китептин жана бир нече пьесанын автору.

Жаманов атайын билим албаса да ал кыргыздын профессионалдык театр искусствосунун алгачкы баштоочуларынын катарында туруп, өзүнүн табигый таланты жана талыкпаган эмгеги аркылуу кыргыз театрынын тарыхына из калтырган.

Жаманов кыргыз киноискусствосунун өнүгүүсүнө да салым кошкон.

Пикир

Оставить комментарий