• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесине карата сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Күн мурун борбор калаада СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Сүрөт көргөзмөсү Чүй жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы Эркиндик бульварында жайгашкан.

Иш-чаранын ачылышына мэриянын социалдык иштер боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Чолпонбек Базарбаев атындагы коомдук фонддун башчысы Иса Токоев, шаар тургундары жана студенттер келишти.

"Урматтуу шаар тургундары, баардык каалоочуларды СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин чыгармачылыгы менен таанышууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий