• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде 4-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Баткенде 4-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды, - деп маалымдайт КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 13:49да Кызыл-Кыя шаарындагы 4 кабаттуу имараттын чатырынан А.Т., аттуу жаран боюн таштоого аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине алты куткаруучу тартылып, Кызыл-Кыя шаардык ӨКБнүн куткаруучулары жана ТКККнын башчысы подполковник М.Эргешов тарабынан сүйлөшүү жүргүзүлүп, 23 жаштагы жигит жерге түшүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий