• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кожомкул баатырга арналган концерт өтөт, Баатыр энелерге кирүү акысыз

Маданият 0

Бишкек, 29.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 8-декабрда Каба уулу Кожомкул баатырга арналган концерт өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине уюштуруучулар кабарлашты.
Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган бул концертке эстрада ырчылары катышат.
Иш-чаранын уюштуруучулары Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык фонду, КРнын Маданият министрлиги жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги.
Коцерт Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 18:30 башталат. Баатыр энелер үчүн кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий