• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте курулушчу 16-кабаттан кулап, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин борборунда 16-кабаттан курулушчу кулап, каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен күндүзгү саат 2лер чамасында болгон.

Эркек киши Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жаткан курулуштун 16-кабатында иштеп жаткан. Бийиктиктен кулап, алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.

Маалыматка ылайык, учурда абал боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Маалым болгондой, каза болгон адам Кытайдын жараны болгон.

Пикир

Оставить комментарий