• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Ош, 29.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27нен 28-ноябрга караган түнү болжол менен саат 02:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 582-чакырымында айдоочу жөө жүргүнчү 1978-жылы туулган Рустам Мамытовду сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен алган жаратынан улам ал окуя болгон жерден каза болгон.

Ыкчам-иликтөө иш-аракетинин жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан, 29-ноябрда саат 2:30да “Хундай Старекс” унаасынын айдоочусу Өзгөн районунун тургуну У.Ж., аттуу жаран кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий