• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору пара берип жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору “К.Т.И.” пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.

“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору “К.Т.И.” УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.

2021-жылдын 2-ноябрында "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору “К.Т.И.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий