• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинде агроөнөр жай кластерин насыялоо долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт-логистика тармагында иштеген ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар айыл чарбасындагы учурдагы абалды жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн экспорттук мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Буга чейин долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Айыл Банк» ачык акционердик коомун капиталдаштырууга – 5,5 млрд сом жана «РСК банкка» 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

Бул каражаттардын эсебинен фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга: 36 айга чейин (күрөөсүз шартта) – 300 миң сомго чейин жана 36 айга чейин (күрөө менен камсыздоо шартында) 500 миң сомго чейин кредиттер берилет.

Жылдык жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашкан фермердик чарбаларга жылдык 6 пайыз менен 36 айга чейин 5 млн сомго чейинки кредит берилиши мүмкүн.

Кластердин агрегаторлору (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле жаңыдан түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларынын бардык кластерлери үчүн 60 айга чейин төлөө мөөнөтү менен 150 млн сомго чейинки кредиттер берилет.

Бул каражаттар күрөө менен камсыздоого негизги каражаттарды жана жүгүртүү каражаттарын сатып алууга жумшалышы мүмкүн. Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 10%дан кем эмес жана айыл чарба жабдууларын лизингге берүү үчүн 30%дан кем эмес баштапкы төлөм шарты менен 60 айга чейинки мөөнөткө кредит берилет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев агрегаторлор менен фермерлердин тыгыз кызматташтыгынын зарылдыгын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин министрлер аабинети тарабынан кабыл алынган долбоор жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу айыл чарба тармагын колдоого багытталган. Бул чаралар акыркы алуучулар үчүн жеңилдетилген пайыздык чендерди жетиштүү деңгээлде камсыз кылаары болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий