• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канданы кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Финансы министринин орун басары Масато Канда менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн жогорку потенциалды белгилешти.

Министрлер кабинетинин башчысы учурда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын, ошондой эле жогорку технологияны өнүктүрүү тапшырмасы коюлганын, атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук тармакты өнүктүрүү, мамлекеттин экономикасын камсыз кылууда өнүктүрүүнүн экспорттук-сырьелук түрүнөн индустриалдык-инновациялык түрүнө өтүү милдети коюлганын белгиледи.

Япония автомобиль чыгаруу, кеме куруу, курулуш жана металлургия, энергетика, робототехника жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда лидер экенин эске алып, МинКаб Башчысы бул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандан кадрларды даярдоону жакшыртуу боюнча чараларды кароону сунуштады, анын ичинде тилди окутуу жана япон эмгек рыногунун муктаждыктарына жооп берген кесип ээлерин үйрөтүү.

Акылбек Жапаров 12 жыл мурда JICA тарабынан Кыргызстанда ишке ашырыла баштаган жана эң жакшы натыйжаларды көрсөткөн “Бир айыл - бир продукт” долбоорунун ийгилигине токтолуу менен бирге 2023-жылы долбоор Улуттук долбоор статусун алганын кошумчалады.

Өз кезегинде Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду, анын ичинде жолугушуунун жүрүшүндө айтылган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал министрлер кабинетинин башчысына өлкөнүн каржы саясатын изилдөө жана анын жыйынтыгы боюнча бир катар экономикалык жана финансылык маселелер боюнча сунуштарды киргизүү, анын ичинде мамлекеттик карызды башкаруу, бюджеттин чыгашаларын жана салыкты жакшыртуу боюнча жакын арада Кыргызстанга адистердин тобу жөнөтүлөрүн маалымдады.

Масато Канда ошондой эле япон тарап гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды тартуу жана берүү жагынан эл аралык каржы институттары (Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) аркылуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий