• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында коомдук унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилдиби? – Сарыбашовдун жообу

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коомдук унааларды ишке киргизүү опурталдуу болуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, коомдук унаалар 11-майдан баштап иштейт деген маалымат чыккан.

"Коомдук унааларды ишке киргизүү опурталдуу болуп жатат. Республикалык штабдан уруксат берилген жок. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлде коомдук транспорттун иштөөсүнө чектөө коюлду", - деди Ош шаарынын мэри.

Белгилей кетсек, 11-май күнү Кыргызстандын айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады. Бирок өзгөчө абал алынган айрым аймактарда – Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилди.

Учурда өлкөдө 22-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий