• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР хоккей курама командасы дүйнө чемпионатында экинчи жеңишти камсыздады

Спорт 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей курама командасы Босния жана Герцеговинадагы дүйнө чемпионатынын III дивизионунда экинчи жеңишти камсыздады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, В тайпасынын 2-турдук беттешинде кыргызстандык спортчулар Босния жана Герцеговина курама командасы менен беттешип, 10:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Биринчи айлампада кыргызстандыктар Сингапур курамасын 14:2 эсебинде утуп алган. Жыйынтыгында КР курама командасы 6 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунду ээледи.

Эртең, 2-мартта алар мурда 2 оюнда утулуп калган Малайзия менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий